Уулун сатып, саякатка жөнөгөн киши кармалды
Бул тууралуу South China Morning Star билдирди.
Кытай жараны жубайы менен ажырашкандан кийин экинчи ирет үйлөнгөн. Жаңы аялы менен бала тууралуу көп урушкан адам жашоосун жеңилдетүү үчүн уулунан кутулууну чечкен. Ал баласын бир түгөйгө 24 миң долларга сатып, аялы менен бирге өлкө боюнча саякатка жөнөгөн.
Ал кишинин туугандары жоголгон баланы байкап калгандан кийин полицияга кайрылышып, кылмышкер Кытайдын Чжэцзян провинциясында кармалган.