V Элдик Курултай жөнүндө Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
– Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич, Баетов Аяз Батыркулович, Сагынбаев Канат Латипжанович курамдан чыгарылсын;
– Айылчиев Алмаз Асимович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Имангазиев Алмаз Кулубекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кайыпов Сулайман Турдуевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилсин.