В.Зеленский: «137 украиналык аскер курман болду»
Россиянын чабуулдарынан улам 137 украиналык аскер курман болду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
«25-февралга таңкы маалга алынган маалымат боюнча чабуулдардын кесепетинен 316 аскер жарадар болду. Змеиный аралындагы баардык чек арачыларыбыз курман болду. Баарына Украинанын баатыры наамы ыйгарылат», -деди ал.
Зеленский аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол коюп, 18-60 жаштагы эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.