Вакцина жетишсиздиги – теңсиздиктин белгиси

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33

Эмдөө

Коронавирустун жаңы штаммдарынын жайылышы дүйнөнү дүрбүлөңгө салды. Ал арада калкынын 60-70%ывакцинанын 1-дозасыналып жетишкен өнүккөн өлкөлөрдө пандемияга туруштук берүү максатында кайра эмдөө маселеси каралып жатат. Маалым болгондой, АКШ, Германия, Израиль, Франция, Улуу Британиякалкынын аялуу тобун сентябрь айынан баштап вакцинанын 3-дозасы менен эмдөөнү пландоодо.Вакцина өндүрүүчүлөрдүн жана эң көп керектөөчүлөрдүн катарына кирген бул өлкөлөрдүн мындай аракетинДССУ жана эл аралык уюмдар адепсиз деп аташты. ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Африка, Азия жана Түштүк Америкада эмдөө маселеси курч тургандыгын белгилеп, бай өлкөлөрдү вакцина бөлүшүүгө чакырды.

БУУнун маалыматына ылайык,өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн калкын эмдөөгө жалпысынан 11 млрд вакцина дозасы талап кылынат. Учурда эмдөөнү өз алдынча жүргүзүүгө жөндөмсүз болгон 92 өлкөгө жардам катары түзүлгөнCovax механизмиаркылуу 900 млн вакцина дозасы чогултулган. Бирок,айрымдардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча оор эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, бул анча деле маанилүү болбой калат. Европа коомдук саламаттыкты сактоо ассоциациясынын мүчөсү Елена ПетелосЕвропанын саламаттыкты сактоо органдарынын акыркы көрсөтмөлөрүндөиммундук системасы начар же өнөкөт оорусу бар адамдар кошумча вакцинага муктаж болушу мүмкүн жана ревакцинациялоого караганда эмдөө начар жүрүп жаткан өлкөлөргө жардам берүү маанилүү экенин белгиледи. Өз сөзүндө ал калкты кайра эмдөө жакынкы убакытта аткарыла турган иш эместигин айтты. Бул көз караштыколдоого алган бир катар адистерэмдөө жай жүрүп жаткан өлкөлөрдө вирустун тоскоолдуксуз жайылышы бул өлкөлөргө гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн коркунуч туудурган мутациялардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн деди. Алар Батыш Европа өлкөлөрү чыныгы маселени кароодон баш тартып, кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдү чечүү менен алек болгонун билдиришти.

Кыскасы, пандемияны айрыкча жакыр жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө эмдөөнү тездетүү менен гана токтотууга болоору анык. Анткен менен вакцинанын жетишсиздигин, көптөгөн өлкөлөрдө жергиликтүү вакцина өндүрүшүнүн жоктугун жана калктын көпчүлүк бөлүгүнүн вакцинаны алуудан баш тартышын эске алгандадүйнө жакынкы арада коронавирустан кутула албайт.

Гүлжан Абытова

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X