"Эркин-Тоо"

Вакцинанын жоопкерчилигин Өкмөт моюнуна алат

Коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, Өкмөт менен Саламаттык сактоо министри жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем”,-дейт Бейшеналиев.
Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.
Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Пример HTML-страницы