Валентина Шевченко америкалык атаандашын утуп, кезектеги жеңишин камсыздады

26-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 24

Бүгүн, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.

Шевченко беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашын технникалык гокаутка учуратты.

Жеңишинен кийин Валентина Шевченко кереметтүү Кыргыз өлкөсүнө салам айтты.

Муну менен Валентина Шевченко 8-ирет катары менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын 6-ирет коргоду. Анын атаандашы буга чейин бир дагы жолу мөөнөтүөн мурда жеңиле электигин баса белгилей кетүү керек.

26-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X