“Вефа” соода борборунда 5 жаштагы бала 3-кабаттан кулап кетти
Бишкектеги “Вефа” соода борборунда 5 жаштагы бала 3-кабаттан кулап кетти.
Окуя кечээ, 11-августта болгон. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, бала ооруканага жеткирилген.
Учурда милиция окуянын жагдайларын тактап, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.