Венчурдук каржылоо мыйзамы талкууга алынды

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 161

Кыргызстанда венчурдук каржылоо тууралуу мыйзам долбоорун илгерилетүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана Дүйнөлүк банк тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.  Жолугушууда венчурдук каржылоо жаатындагы мыйзамдык базаны өнүктүрүү, ошондой эле инвестициялоонун альтернативдүү булактарын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жалын Жээналиев венчурдук инвестициялар инновациялык экономиканы өнүктүрүүдө жана жогорку технологиялык тармактарга жеке капиталды тартууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал бул багытта заманбап жана туруктуу укуктук базаны түзүү стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.   Өз кезегинде IFC өкүлдөрү венчурдук экосистемаларды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйба менен бөлүшүп, Казакстан жана Өзбекстандагы практикаларды мисал катары келтиришти. Ошондой эле бизнестин инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган каржылоонун заманбап механизмдери сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү жана эксперттик-техникалык колдоону күчөтүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти. Аталган демилгелер Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга, финансылык рынокту өнүктүрүүгө жана стартаптар менен венчурдук экосистеманы колдоого багытталары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X