Венесуэлада урандылардын арасынан табылган кош бойлуу аял аман-эсен көз жарды

27-июнь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 325

Венесуэланын борбордук аймагында болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен ураган имараттын урандыларынын арасынан табылган кош бойлуу аял аман-эсен көз жарды. Бул тууралуу Firstpost басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, жер титирөөдөн кийин Венесуэланын Ла-Гуайра штатында 100дөн ашуун имарат урап түшкөн. Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда куткаруучулар толгоосу башталган кош бойлуу аялды урандылардын арасынан таап, ага ошол жерде төрөт боюнча жардам көрсөтүшкөн.

Дарыгерлердин жана куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында ымыркай аман-эсен жарык дүйнөгө келген. Андан соң эне менен жаңы төрөлгөн наристеге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, жакынкы ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу экени, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

 

Firstpost басылмасы бул окуяны ири кыйроолор жана курмандыктар катталган кырдаалда үмүт жараткан сейрек учур катары мүнөздөдү.

Ал эми El Mundo басылмасы окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады. Анда төрөткө көмөк көрсөткөн аял жаңы төрөлгөн ымыркайды урандылардын арасында көтөрүп турганы көрүнөт. Басылманын маалыматына ылайык, ыктыярчылар кош бойлуу аялды төрөтү башталган учурда ураган имараттын ичинен табышкан.

Куткаруучулар бул окуяны «чыныгы керемет» деп баалашкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X