Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 589га жетти
Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен каза болгондордун саны 589га жетип, дагы 2980 адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн убактылуу президенти Дельси Родригес билдирди.
Анын айтымында, кырсык болгон аймактарда издөө-куткаруу иштери дагы эле уланууда. Эң көп жабыркаган аймак катары Ла-Гуайра штаты белгиленип, гуманитардык жардам көрсөтүү жана куткаруу иштерин ылдамдатуу үчүн кошумча күчтөр жөнөтүлгөн.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, Венесуэлада 39 секунд аралыгында магнитудасы 7,5 жана 7,2 болгон эки күчтүү жер титирөө катталган.
Биринчи жер титирөөнүн эпицентри Яракуй штатындагы Юмаре шаарынан түштүк-чыгышты карай 23 чакырым алыстыкта жайгашып, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон. Ал эми экинчи жер титирөөнүн эпицентри Сан-Фелипе шаарынан түндүк-чыгышты карай 24 чакырым алыстыкта катталып, очогу 21,9 чакырым тереңдикте жайгашкан.