Ветеринардык адистерге санитардык талаптарды сактоо боюнча милдеттер жүктөлдү

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 200

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Баткен жана Кадамжай райондорундагы жеке ветеринардык адистер менен жумушчу жыйын өткөрдү. Жолугушууда ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселелери талкууланды.

Жыйында малдарды өз убагында эмдөө жана идентификациялоо, ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча милдеттер белгиленди.

Адилет Сотовалдиев жеке ветеринардык дарыгерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, алардын мал чарбасын өнүктүрүүдөгү жана эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуудагы ролу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, жер-жерлерде кездешип жаткан көйгөйлөр, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү актуалдуу маселелер жана аларды чечүү жолдору боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү. Катышуучулар тарабынан айтылган сунуштар менен демилгелер кызматтын мындан аркы иш-пландарына киргизилери белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X