VI ДКО: Ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
4-сентябрда Чолпон-Атадагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат чабыш боюнча мелдештер өттү.
Спортчулар кыска аралыкка ат чабыш, бышты жорго, жорго салыш, кунан чабыш жана аламан байге боюнча күч сынашты.
Кыска аралыкка ат чабыш:
- 1600 м: 1-орун — Хутулун (Тажикстан), 2-орун — Метеор (Кыргызстан), 3-орун — Айсулуу (Кыргызстан).
- 2400 м: 1-орун — Зерек (Казакстан), 2-орун — Бакара (Кыргызстан), 3-орун — Козмик Дон (Казакстан).
- 3200 м: 1-орун — Берил Рэйсер (Казакстан), 2-орун — Эл Орда (Казакстан), 3-орун — Желдыкара (Казакстан).
Бышты жорго, 6000 м: 1-орун — Эрке (Кыргызстан), 2-орун — Колонвууд (Кыргызстан), 3-орун — Паджет (Кыргызстан).
Жорго салыш, 11 000 м: 1-орун — Акжолтой (Кыргызстан), 2-орун — Императрица (Кыргызстан), 3-орун — Энесай (Орусия).
Кунан чабыш, 12 000 м: 1-орун — Нұршашу (Казакстан), 2-орун — Париж (Кыргызстан), 3-орун — Бестау (Казакстан).
Аламан байге, 25 000 м: 1-орун — Айман (Казакстан), 2-орун — Көксерек (Казакстан), 3-орун — Карагаш (Казакстан).
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине 300 миңден 1,5 млн сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.