VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 600дөн ашуун ыктыярчы тимбилдингден өттү
Бүгүн, 3-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында 600дөн ашуун ыктыярчы үчүн тимбилдинг иш-чарасы өткөрүлдү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган иш-чарада министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ыктыярчылардын оюндарды ийгиликтүү өткөрүүдөгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.
Программага улуттук спорттук мелдештер, командалык оюндар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактар жана коопсуздук боюнча машыгуулар кирди.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө ыктыярчылар чет элдик делегацияларды тосуп алуу, маалыматтык коштоо жана уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүшөт.