VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан жана кантип алса болот?

21-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 366

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билет талап кылынган иш-чараларына билеттерди онлайн жана офлайн түрдө сатып алууга болот.

Онлайн билет алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын nebs.gov.kg расмий сайтына кирип, каттоодон өтүү керек. Андан соң каалаган иш-чараны жана орунду тандап, төлөм жүргүзүүгө болот. Төлөм Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары жана ELQR аркылуу кабыл алынат.

Ал эми 27-августтан тартып билеттерди Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинин кассасынан, ат майдандагы эки расмий билет сатуу түйүнүнөн жана Бостери айылындагы «Дордой Номад» амфитеатрынын билет сатуу түйүнүнөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз.

Уюштуруучулар электрондук билет алган көрүүчүлөргө QR-кодду башка адамдарга бербөөнү жана социалдык тармактарга жарыялабоону эскертет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X