Вице-спикер Аида Касымалиева жаңы кызматка барат

18-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 20

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды.

Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек.

37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2017-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп парламентке келген.

Учурда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын Миргүл Молдоисаева аркалап келет. Ал 2016-жылы дайындалган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X