Виктория Мозгачева Агартуу министринин орун басары болуп дайындалды
Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, ал буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын аркалап, социалдык саясат тармагын жетектеп келген. Бул кызматка ал алгач 2020-жылы дайындалып, 2021-жылдын май айында кайрадан дайындалган.
2026-жылдын 15-июнунда башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары кызматынан бошотулган.