Вячеслав Володин: Жириновский өлгөн жок! Келгиле баарыбыз ага ден-соолук тилейбиз!

25-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 51

Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин сенатор Александр Пронюшкиндин россиялык саясатчы, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин өлүмү боюнча билдирүүсүн жалган деп билдирди.

«Мен Владимир Вольфович Жириновскийге тынчсыздангандардын баарына ишендирип айткым келет. Ал тирүү. Бирок абалы чындап эле оор. Бүгүн ал компьютердик томографиядан өттү. Биз ал киши үчүн тынчсыздануудабыз. Дарыгерлер бардык күчүн жумшап карап жатышат. Ал абдан кыйын инсан. Келгиле, баарыбыз ага ден-соолук тилейбиз”, — деп жазды саясатчы Telegram каналына.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта Пронюшкин Жириновскийдин өлүмү тууралуу билдирүүнү Telegram каналына жарыялап, бирок кийинчерээк аны өчүрүп салган.

25-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X