Wildberries кампасындагы өрт: Элчилик кыргызстандыктардын абалын тактоодо
Москва облусунун Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасында чыккан өрттөн кийин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барууда.
Элчиликтин өкүлдөрү кампада эмгектенген кыргызстандыктар менен жолугушуп, жабыркагандар боюнча маалыматты тактоодо. Зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатат.
Учурда өрт толук өчүрүлө элек, аймак курчоого алынып, жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтары иш жүргүзүүдө.
Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, өрт учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин чыккан. Бирок өрттүн так себептери Россиянын компетенттүү органдары тарабынан иликтенүүдө.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөөнү улантып, кошумча маалыматтар такталган сайын жарыяларын билдирди.