Wildberries кампасындагы өрттөн бир кыргызстандык жабыркап, айрымдары документтеринен айрылды
Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries кампасында чыккан өрттөн бир кыргызстандык жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ошондой эле документтери күйүп кеткен бир нече жаран Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кайрылды.
Элчиликтин маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Жеңил жаракат алган 21 жаштагы кыргыз жарандын абалы туруктуу.
Буга чейин дайынсыз делген дагы бир кыргызстандык туугандары менен байланышып, өрт чыккан учурда жумуштан эрте чыгып кеткенин билдирген.