"Эркин-Тоо"

Япон аялдарындай жаш, сулуу көрүнгүңүз келеби?

Эзелтен эле япон элинин аялдары сулуу жана жаш көрүнүшкөн. Алар жаштыкты сактап калуунун сырлары тамактанууда жана жуунууда деп билишкен жана бетти пайдалуу суу менен гана жуушкан.
Кадимки минералдашкан суу
Япон аялдары минералдашкан суу менен бет жуушат. Болгону аптасына эки жолу эртең менен бетти минералдашкан суу менен жууп туруу жакшы натыйжа берет.
Минералдашкан сууну муздаткычка салып, кубик кылып, муз түрүндө бетке сүйкөсө натыйжалуулугу андан да артат. Мындайда беттеги кан жүгүрүү жакшырып, теринин жаңылануу процесси жүрөт.
Жумшартылган суу
1 литр кайнатылган сууга 1 чай кашык сооданын 4/1ин салып жуунса жакшы болот. Сода сууну жумшартат. Бетке жумшак суу пайдалуу.
Лимон кошулган суу
1 литр сууга 1 чай кашык лимон ширесин куюп жуунсаңыз, бет терисиндеги ашыкча майлар болбойт. Бет тегиз жакшырат.
Күрүч.
Бул азыкты япондор беттин тунуктугу үчүн көп жешет. Күрүч азыгы аялдарды ашыкча салмактан да сактайт. Кээ бир аялдар күрүчтү сууга салып, бышырбай эле жешет. Мындайда анын пайдалуулугу сакталат,-дешет япон диетологдору.
Балык
Богокту, жүрөк ооруларын алдын алуу үчүн балыкты колдонушат. Кээ бир япон аялдары майлуу этти жеп көрүшпөгөнүн айтып жүрүшөт. Ананда жаштыкты сактап калуу үчүн тамакты аз-аздан жеш керек деген пикирди карманышат.
Куурулган тамакты япон ашканасынан кезиктирүү кыйын. Баары бууга бышкан тамактарды тандашат. Кыздар куурулган тамак жешсе, уят катары кабылданат.
Таттуу
Таттуудан баш тартышкан япон аялдары балмуздакты да күрүчтөн жасашат. Биздикиндей таттуу тортторду эзели жебеген япон аялдары бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!