Япония өкмөтү Ош ооруканасына 10 миллион сомдук медициналык жабдуулар берди
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.
Иш-чарага, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, Элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты.
Бул иш-чара “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында ишке ашкан «Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун» бир бөлүгү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 10 миллион сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:
Трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка
Проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор
Маанилүүсү: Бул заманбап аппараттардын жардамы менен бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты бир топ жогорулап, дарылоо мөөнөтү эки эсеге чейин кыскарат деп күтүлүүдө.
