Японияда коронавирустун мутацияланган жаңы штаммы аныкталды

Япониянын Кобе шаарында коронавирустун “британ” штаммынан мутацияланган жаңы түрүнүн аныкталганын билдиришти.  Бул штаммдын өлкөдө алгачкы жолу катталышы. Жаңы штамм эркек кишиден аныкталган. Ал 17-майда ичи ооруп, өзүн жаман сезип ооруканага кайрылган.

Бейтап ПЧР-тест тапшырганда, андан коронавирус тастыкталып, анализинен коронавирустун мутацияланган “британ” түрү (N501Y) менен мутацияга кабылган E484Q штаммы дагы аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Акыркы маалыматтарга ылайык, бейтап врачтардын катуу көзөмөлүндө дарыланып, анын абалы азыр туруктуу.

Япониянын дарыгерлер бирикмесинин төрагасы, өлкөгө белгилүү дарыгер Наото Уэяма:

«Эгерде пандемия шарттарында Японияда Олимпиадалык оюндар өткөрүлсө, өлкөгө 200дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү келип, коронавирустун түрдүү штаммдарынын өлкөгө кирип кетүү коркунучу жаралат»,- деп билдирген болчу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X