Японияда Moderna вакцинасынан дагы бир адам каза болду

7-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 34

Японияда Moderna компаниясынын вакцинасын алган адам бир күндөн кийин каза болду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлүмдүн себептерин аныктап жатат.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы жаран 11-август күнү вакцинанын экинчи дозасын алып, эртеси күнү каза тапкан. Дарыгерлер маркумдун кандай заттарга аллергиясы бар болгондугун изилдеп жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Японияда коронавируска каршы Moderna вакцинасын алган 2 адам каза болгону маалымдалып, вакцинанын ошол маалдагы бөлүгү артка кайтарылган болчу. Август айында артка кайтарылган вакциналардан темирдин упаланган кошулмасы табылган.  Буга байланыштуу Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги жалпы көлөмү  1,63 миллион дозалык препаратты колдонуудан алып салган.

Вакциналар колдонуудан алынганга чейин өлкө боюнча 889 борборлорго жеткирилип, анын ичинен 55де адамдарга сайылганы маалым болду.  Темирдин упаланган бөлүкчөлөрү Гумма жана Окинава префектураларында дагы табылган.

Андан аз өтпөй Канагава префектурасына жөнөтүлгөн вакциналардын лотун текшерүүгө алганда, андан дагы упаланган белгисиз кара заттар аныкталган. Канагавада аталган вакцина эки ири борбордо колдонулуп, 25 миңге чукул адамга сайылган.

Сентябрь айынын башында Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги Takeda Pharmaceutical компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктарын чыгарды. Вакцинада табылган упаланган кара зат – дат баспаган темир экендиги так аныкталды. Учурда, темир вакцинага кандай жол менен кошулганы изилденип жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X