Японияда олимпиадалык оттун эстафетасы старт алды

25-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 22

Бүгүн, 25-мартта Япониянын Фукусима префектурасында олимпиадалык оттун эстафетасы старт алды. Анын биринчи катышуучусу 2006-2016-жылдары Япониянын кыздар курама командасында ойногон футболчу Азуза Ивасимидзу болуп калды. Эстафета Япониянын 47 префектурасы боюнча өткөрүлөт жана 23-июлда олимпиада ачылганга чейин 121 күнгө созулат.

25-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X