Япониядагы 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18ге жетти

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 148

Япониянын Кумамото префектурасында болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18 адамга жетти. Кырсыктан 62 киши жаракат алып, алардын алтоо оор абалда экени маалымдалды.

Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издөө иштерин улантууда. Адистер жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдиришти.

Жер титирөөдөн улам өрт чыгып, жолдор менен көпүрөлөр жабыркады. Ошондой эле 40 миңге жакын адам электр энергиясыз калып, 9 миңден ашуун тургун убактылуу жайларга көчүрүлдү.

Силкинүү Кумамото префектурасынын Уки жана Хикава райондорунда катталып, очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Эске салсак, Кумамотодо 2016-жылы болгон 7 баллдык жер титирөөдөн 277 адам каза болгон. Жапония дүйнөдөгү жер титирөө коркунучу жогору өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X