Японияга «Чансу» тайфуну жакындап келе жатат
Япониянын метерология борбору Окинава префектурасына «Чансу» тайфуну жакындап келе жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта жакынкы күндөрү катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө.
Филиппиндердин чыгыш аймагында орун алган тайфун, саатына 20 км ылдамдык менен Окинавага бет алганы белгилүү болду.
Адистер тайфундун кесепеттери оор болуп, топон суу жана жер көчкүлөр орун алышы мүмкүн деп божомолдошууда. Учурда аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, деңиз жээгинде жашаган тургундарга коопсуз жайларга баруу керектиги айтылды.