Япониянын стипендиясы боюнча тандоонун жыйынтыгы талкууланды
Бишкекте «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» (JDS) долбооруна байланыштуу отчёттук жолугушуу өттү. Ага JDS долбоорунун Кыргыз Республикасындагы уюштуруучу мамлекеттик органдын жетекчиси жана Башкаруу комиссиянын тең төрагасы катары Агенттиктин директору Элчибек Жантаев жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити катышты.
Жолугушууда Япониянын жогорку окуу жайларынын профессорлору экинчи турга өткөн талапкерлер менен болгон маектердин жыйынтыгын айтып беришти. Алар талапкерлердин билим деңгээлине жана даярдыгына өз бааларын беришти.
Элчибек Жантаев JDS долбоору өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеп, стипендия утуп алган жаштар сапаттуу билим алып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп жатканын айтты. Ошондой эле тандоо иши ачык жана адилет өтүшү керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал программага аймактарда иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди көбүрөөк тартуу зарыл экенин билдирди.
Өз кезегинде Хирано Рюити программа Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жатканын айтып, анын бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө жогорку кызматтарда эмгектенип жатканын кошумчалады.