"Эркин-Тоо"

ЫЙЫК РАМАЗАН ӨЗГӨЧӨ ӨТКӨН СТАМБУЛ

Кийинки апта, тагыраак айтканда  23-марттан тарта баардык мусулмандар үчүн ыйык болгон Рамазан айы башталат. Рамазан — бул руханий да, физикалык жактан тазалануунун, аруулук, сабырдуулук, пакизалык, кечиримдүүлүктүн айы. Ыйык Рамазан айы Түркияда да белгиленет. Мусулмандар отуз күндүк орозосун Стамбул шаарында атмосферада өткөрүп келсе болот.

РАМАЗАНДЫН БЕРЕКЕСИ БАРДЫК ЖЕРДЕ СЕЗИЛЕТ

Рамазан айында Стамбул калаасы, Осмон мунарасынын баннерлери менен кооздолот. Күйүп турган билборддор  Рамазан айынын руханий атмосферасын дагы да арттырып, Стамбулдун көркүнө дагы да көрк кошот. Ошондой эле Стамбулда Рамазан айын барабанчыларда да кызытат. Бир ай бою “Рамазан барабанчылары” таң атканга чейин көчө кыдырып, барабан кагып, саарлыкка (ооз жабуу) элдерди ойготушат.

Рамазан айында орозо кармоо Ислам дининин чоң ибадаттарынын бири болуп саналат. Бул ибадатта таң аткандан баштап күн батканга чейин тамак-суу ичүүдөн, жыныстык мамилеге баруудан же башка оозду ачатурган башка себептерден пенде сактанат. Шариатта орозо Саум (صوم) же Сыям (صيام) деп айтылат. Негизги мааниси кармануу, сактануу дегенди түшүндүрөт. Орозо– бул такыбалыкты күчөтүп, Аллахка болгон ишенимди бекемдейт. Адам ачкалыкты сезип, кедей-кембагалдардын абалын түшүнүп, напсисин башкарганга үйрөнөт. Ошондой эле орозо адамдын ден-соолугун чыңайт, иммунитетин көтөрөт.

Стамбулдуктардын үйлөрүндөгү ифтар дасторкону Рамазан айынын берекелүүлүгүн чагылдырса, шаардын кафе-ресторандарындагы салттуу тамактар, анын ичинде жаңы бышырылган Рамазан наны шаарга жагымдуу жыт тартуулайт.  Шаардын белгилүү аянттарында жалпы ифтар дасторкондору жазылат.

Рамазан айында Стамбулга келген туристтер, жамааттык ифтарларда ооз ачуунун руханий ырахатын сезе алышат.  Муну менен катар Осмон жана түрк тамактарына бай  көптөгөн ресторандардын эшиги зыяратчылар үчүн түнү-күнү ачык болот. Рамазан түрктөрдүн түрдүү тамактарын бир столго чогулткан, бир дасторконго жайылткан учур болуп саналат. Гуллач таттуусу Түркияда рамазан айынын эң белгилүү десерттеринин бири десек болот. Гуллач бул сиз тамшанып жеген баклаванын атасы. Сүт, роза суусу, анар жана камырдын уникалдуу түрү менен жасалат.

СУХУРГА ЧЕЙИН УЛАНГАН САЛТТУУ ОЮНДАР

Рамазан айында, Стамбулдун кооз мечиттеринде ифтардан кийин таравих намаздары окулат. Намаздан кийин калаанын ар кайсы бурчунда, өзгөчө Султанахметте салттуу Рамазан оюндары,  баян айтуу иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле «Карагөз менен Хачиваттын» каармандарын аткарган салттуу көлөкө куурчак оюндары балдарды да, чоңдорду да таң калтырбай койбойт.

СТАМБУЛ. ЫЙЫК ЖЕРЛЕРГЕ РУХАНИЙ САЯКАТ

Стамбул ыйык жерлери менен да өзгөчөлөнүп турат. Рамазан айында Мухаммед пайгамбардын сахабасы Халид бин Зейд Абу Айюб Аль-Ансаринин (Халид бин Зейд Эбу Эйюб Эль-Энсаринин) күмбөзү жайгашкан Эйуп Султан мечити (Эйюп Султан Камии),  Рамазан айынын биринчи орозосу ачылган Оруч баба күмбөзү, Юша пайгамбардын мүрзөсү бар делген Юша (Юша) дөңсөөсү, Яхья Эфенди күмбөзү, Айя София (Ая София), Көк (Султан Ахмет) мечити жана Топкапы сарайы сыяктуу тарыхый жерлерин кыдырып, Хирка-и Шериф мечитинде намазыңызды окуп, руханий эс алып келсеңиз болот.

СТАМБУЛДУН АЙТ МАЙРАМ АТМОСФЕРАСЫ

Стамбулда 30 күн бою ибадат менен өткөн Рамазан айы, айт намазы менен аягына чыгат. Айт күнү калаада тургундары карыяларды зыярат кылып, белек-бечкектерин берип, көңүлүн көтөрүшөт. Айт майрамы шаардагы сейил бактарда жана оюн-зоок жайларында уланат. Рамазан айында тарыхый, ыйык жерлери менен белгилүү Стамбулга келип, конок болуп кетиңиз.

 

 

 

 

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!