«Ынтымак-2» сейил багында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөт
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун 2026-жылдын 3–4-июль күндөрү өтө турган ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат.
Иш-чаралар саат 19:00дө «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында башталат. Концерттик программада чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар өнөр көрсөтүп, элдик жана эстрадалык чыгармаларды аткарышат.
Долбоор шаардыктардын маданий эс алуусун уюштурууга, улуттук өнөрдү жайылтууга жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, июнь айында аталган музыкалык кечелер «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөрүлгөн. Ал эми июль айында долбоор борбор калаанын сейил бактарында улантылып, шаар тургундары менен конокторуна чыгармачылык маанай тартуулайт.