«Ынтымак Ордодо» Президенттин катышуусунда республикалык кеңешме өтөт
Бүгүн, 27-февралда «Ынтымак Ордодо» Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.
Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Мындан тышкары, мамлекет башчысы акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу негизги милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.
Белгиленгендей, республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдар аркылуу, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.
Иш-чара саат 11:00дө башталат.