«Ынтымак» партиясы шайлоого катышат
«Ынтымак” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аймухамедов Ильзат Еркеновичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары – Алмаканова Айпери Ажыбековнаны дайындады.