Ырсаалы атанын эрдиги – тарых, эмгеги – мурас
Улуу Ата Мекендик согуш — адамзат тарыхындагы эң алаамат, эң кайгылуу доорлордун бири болуп калды. Кан майданда миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылып, мекен үчүн салгылашты. Ошол оор кезеңде кыргыз элинин миңдеген уулдары менен кыздары да колуна курал алып, Ата журтун коргоого аттанган. Алардын арасында Нарындын кулуну, жөнөкөй инсан Ырсаалы Намазалиев да болгон.
Чоң эрдик жасап, бирок анысын эч убакта даңазалабай, үн-сөзсүз жашап өткөн адамдар болот. Ырсаалы ата дал ошондой сейрек жаралган инсандардын бири. Анын согуштагы каармандыгы тууралуу айылдаштары да кийин билишкен. Себеби, ал өзүнүн согуш майданындагы эрдиктерин айтып мактанууну адамдык сапатына туура келбеген иш деп эсептеген. Уулу Жаманак Ырсалиев атасынын согуш жылдарындагы документтерин, мактоо баракчаларын жана ыраазычылык каттарын окуп бергенден кийин гана көпчүлүк анын кандай улуу жолду басып өткөнүн билишкен. Баатырдын өмүрлүк жары Жамийла апа да жолдошунун эрдиктерин эч кимге деле жар сала бербеген экен. Бул алардын жөнөкөйлүгүнөн, адамдык бийик наркынан кабар берет.
Өз ыктыяры менен майданга аттанган
Ырсаалы Намазалиев 1925-жылы азыркы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында туулган. Ал мезгилдеги турмуштун оор шарттарына карабай билимге умтулуп, жети жылдык мектепти аяктаган. Жаштайынан тың, жоопкерчиликтүү болуп өскөн жигит 1940–1942-жылдары Жогорку-Май айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенген.
Согуш жаштардын кыялын, тынч өмүрүн таш-талкан кылды. 1942-жылы болгону 17 жаштагы Ырсаалы ата ыктыярчылар менен бирге майданга аттанат. Ал кезде жаш куракка карабай, мекен үчүн күрөшүүгө миңдеген жаштар өз эрки менен жөнөп кетишкен.
Жаш жоокер 1942–1943-жылдары Сталинград үчүн болгон тарыхый салгылашууга катышкан. Ал атактуу генерал Василий Чуйков жетектеген 62-армиянын катарында кызмат өтөп, фашисттик күчтөрдү курчоого алуу операциясына катышкан. Тарыхчылар Сталинграддагы жеңишти согуштун нугун өзгөрткөн эң чоң бурулуш деп эсептешет. Ошол кандуу кармаштарда Ырсаалы ата да ок менен оттун ортосунда жүргөн. Айрыкча немец армиясынын фельдмаршалы Фридрих Паулюстун колго түшүрүлүшү дүйнөлүк тарыхтагы чоң окуялардын бири болгон. Ырсаалы атанын дал ошол операцияларга катышкан жоокерлердин арасында болгондугун өзүнчө чоң сыймык менен айтууга болот.
Тайманбас жоокер
Согуш талаасында жөө аскерлердин түйшүгү өзгөчө оор экени белгилүү. Алар ок жаңырган согуш талаасынын так ортосунда душманга каршы түз чабуулга чыгышкан. Ырсаалы Намазалиев дал ошондой эр жүрөк жөө жоокерлердин бири болгон. Ал канчалаган жолу ажал менен бетме-бет келип, мекен үчүн күрөштө артка кайткан эмес.
Ал кызмат өтөгөн полк биринчи Украин жана биринчи Беларусь фронтторунда согушуп, Сталинград жана Курск салгылашууларында өзгөчө каармандык көрсөткөн. Тайманбас жана тажрыйбалуу жоокерлерден турган бул полкту бир фронттон экинчи фронтко улам жөнөтүп турушкан.
1945-жылы Берлин үчүн болгон акыркы оор салгылашуулардын биринде Ырсаалы ата бутунан катуу жарадар болот. Ошентип, көптөн күткөн 9-Май — Жеңиш күнүн госпиталда тоскон.
Сталиндин кол тамгасы коюлган баракча
Ырсаалы Намазалиевдин согуштагы эрдиги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал Курск салгылашуусундагы каармандыгы, Берлинди алууга катышканы, Польшаны бошоткону жана Чыгыш Пруссиядагы душман күчтөрүн талкалагандыгы үчүн бир катар медалдар менен сыйланган. Мындан тышкары, ал Советтер Союзунун башкы командачысы Иосиф Сталиндин кол тамгасы коюлган ыраазычылык баракчасын алган. Бул ошол кездеги жоокер үчүн эң чоң сыйлыктардын бири эле.
1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Жеңиш парадынан кийин маршал Георгий Жуковдун буйругу менен жоокерлер үйлөрүнө кайтарыла баштайт. Ошондо Ырсаалы атага атайын баракча тапшырылган. Анда анын согуштагы кызматы жогору бааланып, тынчтык мезгилинде да эл үчүн кызмат кылаарына ишеним билдирилген. Анда минтип жазылган: “Жоокер Намазалиев Ырсаалыга, СССР Жогорку Советинин ХII сессиясынын чечими менен сиз Армияда кызмат өтөөдөн бошотулуп, өз мекениңизге кайтыңыз. Согуштун оор жана кыйын жолдорун басып өттүңүз. Кызыл Армия Гитлердик баскынчыларды талкалап, алардын уюгу болгон Берлин шаарына Жеңиштин Кызыл Туусун сайды. Бул Жеңиште сиздин да эмгегиңиз зор. Ал эми Сталиндин: «Бул согушта наамы төмөн же наамы жок, токтоо, чыдамкай катардагы жоокерлердин эмгеги эбегейсиз чоң. Алар тынчтык күндөрү да ушул сапаттары менен эли үчүн кызмат кылышат” деген сыймыктуу сөздөрү жазылган.
“Сиздин да өз мекениңизде эл үчүн кызмат кылаарыңызга ишенебиз. Германиядагы советтик аскерлердин башчысы, маршал Г.Жуков жана Аскер кеңешинин мүчөсү генерал-лейтенант Телегин” деп жазылган.
Ырсаалы ата бул кагазды өмүр бою ыйык сактап өттү. Согуштун азабы, кан жыттанган күндөрдүн кайгысы анын жүрөгүндө өмүрүнүн акырына чейин жашады. Ошондуктан ар бир 9-Май келгенде ал сандыктагы баракчаны алып чыгып, ошол күндөрдү эстеп, көпкө чейин ойлуу тиктеп отурчу экен.
Эмгеги эл эсинде
Согуштан кийин Ырсаалы ата билим алууну улантып, Нарын педагогикалык окуу жайынын мугалимдик курсун сырттан бүтүргөн. Бирок согуштан кийинки оор жылдардын талабына ылайык, айыл чарба тармагына өтүп, Нарын шаарындагы зоотехниктерди даярдоочу курстан окуган. 1952-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин зоотехник, бригадир, кампачы болуп эмгектенген. Ал кайсы кызматта иштебесин, ишине так, чынчыл жана жоопкерчиликтүү мамиле кылган. Колхоздун өнүгүшү үчүн жан үрөп эмгектенип, айыл элинин урмат-сыйына татыган. Айылдаштары бүгүнкү күнгө чейин анын өжөрлүгүн, эмгекчилдигин жана адилеттүүлүгүн айтып эскеришет. Ал фронтто мекенди кантип коргосо, тынчтык мезгилинде да өз элине дал ошондой берилгендик менен кызмат кылган.
Өчпөс из калтырган өмүр
Ырсаалы атанын өмүр жолу — мекенчилдиктин, сабырдуулуктун, жөнөкөйлүктүн жана адамдык бийик касиеттин үлгүсү. Ал согуштагы эрдиктери менен гана эмес, тынчтык мезгилиндеги ак ниет эмгеги менен да урматка татыды.
Бүгүнкү муун үчүн мындай адамдардын өмүрү өрнөк. Алардын эрдиги – тарых, эмгеги – мурас. Мекен үчүн жанын сайган каармандардын элеси эч качан унутулбайт.