Жеке ишкер Ырысбек Мааткабылов: “Эт кымбаттагандын гана ичинде болот”

Ушул күндөрү эттин баасы барган сайын кескин кымбаттап, соңку 1 жылда баа наркы 14% кымбаттаганы (расмий маалыматта, аныгында кымбатчылыктын куну мындан эки эсеге көп) маалым болду. Адистер эттин наркынын кымбатташын бир нече факторлор менен байланыштырышууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги буга чейин этти арзандатуу максатында мамлекет тарабынан мал сатып алынып, этин арзан баада сатуу аракетин кылышканы менен сатып алуучулар ал этти кайра эле кардарларга кымбат баада сатышкан.

Мындай ыкмадан натыйжа чыкпаган соң министрлик учурда эт кластерлерин түзүү демилгесин баштады. Максат — этти фермерден кардарга түз жеткирүү. Учурда бул багытка мамлекет тарабынан 1,5 млрд сом бөлүнүп, 10 кластер түзүлүүдө. Мындай система “фермер — мал союучу жай — соода түйүнү — кардар” — деген чынжыр менен иштейт. Бул система ишке киргенде фермер өз мээнетине жараша жакшы пайда таап, ал эми керектөөчүлөр таза, ветеринардык текшерүүдөн өткөн, кошумча ортомчусуз, арзан баада эт алууга мүмкүнчүлүк алаарын министрлик билдирүүдө.

Мындай ыкмадан натыйжа чыгабы? Дегеле министрликтин бул кадамынын келечеги барбы? Мындай соболдорго тиешелүү адис менен бирге жооп издедик.

Жеке ишкер Ырысбек Мааткабылов: “Эт кымбаттагандын гана ичинде болот”

– Мен жакында Түркиядан келдим. Ал жакта эттин баасы 30 доллардан өйдө экен. Тагыраагы, эт алып жеш өзүнчө майрамга айланыптыр. Бул бир гана өлкөдөгү мисал. Албетте, министрликтин мындай планы жакшы. А бирок, дал ошол 1,5 млрд  сомго кандай программа түзүшөт? Бул жагы өзүнчө чоң суроо. Маселен, ошол 1,5 млрд каражатка эң оболу фермерлерге эт багытындагы уйларды алып берип, буга удаа тоют маселесин чечиш керек. Чечип эле тим болбой, мамлекет фермерлерге тоют берүүнүн системасын үйрөтүү абзел.

Мындай иштер комплекстүү кетпесе болбойт. Эгерде муну билбесек фермерге, мамлекетке эле зыян. Тоют максатына жетип, мал семирбесе, иштин натыйжасынан эмне пайда? Өзүңөр жакшы билесиңер, уй канча көп жесе ошончолук семирет. Дал ушундай сунуштар мамлекет тарабынан колдоого алынса министрликтин бул программасынын келечеги кең болот. Ушул жерден кошумчалаар сөз, учурда өлкө аймагы боюнча мал арасында, өзгөчө уйларда шарп ылаңы күч алууда. Мындайда албетте, эт таңкыстыгы жаралат. Баа сөзсүз түрдө кымбаттайт.

Ошондуктан биздин ветеринарлар дагы мал арасындагы дартты жаап-жашырышпай, ачык айтып, убагында мамлекеттик деңгээлде аракет кылбаса маселе курчуп, азык-түлүк коопсуздугуна доо кетет. Эң орчундуусу мамлекет айыл чарбасына дотация кылбаса эт кымбаттагандын гана ичинде болот. Эттин баасынын кымбатташына күйүүчү майга болгон баанын күн сайын көтөрүлүшү да кошул-ташыл болууда. Узун сөздүн кыскасы, бул тармакка жалпылап киришпесек маселе жакшы эмес.

Калыгул Бейшекеев

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X