Ысык-Ата районунда мыйзамсыз балык уулагандарга айып пул салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын токойчулары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын егерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ысык-Ата районунда балык уулоонун эрежелерин бузган эки жаранды аныкташты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жарандардын синтетикалык тор колдонуу менен мыйзамсыз балык уулаганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ар бирине 5 500 сомдон айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 11 000 сомду түздү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жаратылышты коргоого, балык уулоонун белгиленген эрежелерин жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.
Министрлик мыйзам бузууларга жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар өлкө боюнча мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн маалымдайт.