Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эркайым Сейтказиева: “ЭЛ ИШЕНИМИ БААРЫНАН БИЙИК”

Кыраан кыргыз эли тээ атам заман, жер каймактагандан мыкты кыздарынын кадыр-баркын көтөрүп, көкөлөтүп келатат. Карт тарыхыбызга кылчайсак, кыраан кыргыз нечен кыямат-кайымдарга, кас душмандардын запкысына кабылып, кандай гана тозок тоскоолдуктарга туш келбесин ар-намысты туу кылышып, баскынчыларга басынбады. Кыргыз мамлекетин сактап, улам кийинки муундарга мурастап келди. Баатыр ата-бабаларыбыздын катарында кыраан кыздарыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн ар дайым күрөшүп, курман болуудан кайра тартышкан жок. Жоолорду соолутушту.

Кыраан кыздар Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Айганыш, Жаңыл Мырза, Курманжан датка жана башка мыкты кыздарыбыз унутулбай ырга айланышып, жүрөктөрдөн түбөлүк орун алышып, сыймыктандырып келүүдө. Ар доордун кыраан кыздарын айта берсек, кагаз түт келбес. Эгемендүү эркин өлкөгө жеткенибизге отуз жылдан ашып баратат. Жүздөгөн дүйнө мамлекеттери менен тең ата арыш таштап, өнүгүү жолуна түшүүдөбүз.

Бүгүнкү мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн көтөрүүдө жалпы элибиздин, айрыкча журт башчы жетекчилерибиздин мээнети зор. “Бардыгын кадр чечет” деген ташка тамга басылгандай сөз бар. Демек, жетекчилердин жигери терең, төгөрөгү төп болсо албетте, элдик уул, элдик кызга айланып кала беришет. Эч качан эл-журтка кылган ак кызмат текке кетпейт.

Биз билгенден мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жетекчилигине негизинен мырзалар дайындалып келген. Айталы, мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдер негизинен мырзалардан дайындалып, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче эмгектеништи.

Быйыл жаз алды биринчи жолу айымдардан аким дайындалып, жарк эткен жарык жылдыздай жаңылык жанданды. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчылыгына Эркайым Алымовна тандалып дайындалып, жогорку жооптуу кызматтын эки тизгин, бир чылбырын колуна алды.

Эркайым Алымовна К.Скрябин атындагы Агрардык университетти кызыл диплом менен аяктаган. Бюджеттик факультетке кабыл алынып, өз күчү, мүмкүнчүлүгүнө таянды. Жерге жайгаштыруу боюнча инженер кыздын алгачкы эмгек жолу “Кадастр” мекемесинен такандады. Жер маселесинин тегерегиндеги кемчиликтер, жетишпестиктер тереңдеп кеткендиктен оң жолго салуу чынында оор болгон. Жаш адис мына ушул маселелердин ысыгы менен суугуна чыдап, быша баштаган. Терең билим менен практика айкылышып турса жемишин берет тура.

“Баарын коюп, Манасты айтсак” Өкмөттүн аппаратына эксперт болуп келген мезгил ирмемдери көп нерсеге каныктырды. Жөнөкөй адистиктен, эксперттиктен кийин Жер агенттигинин директорунун орун басарлыгына көтөрүлдү. Жер маселесинин ичиндеги көйгөйлөрдүн көптүгүнөн улам, бел чечпей иштешүүгө туура келген. Кемчиликтер четтей баштаган, бирге иштешкен кесиптештерин жетекчи катары таптап, талап кылып, кыйла кыйын иштердин саатын чыгарышкан. Мына ушул убарасы мол учур Эркайымдын уюштуруучулук, жетекчилик талантын чыңдай баштаган. Кыз баланын жигиттердей чечкиндүүлүгү, сүрү башкалардан аттын кашкасындай айырмаланып турган. Урмат-сый учугу уланган.

 Таң?! Жетекчиликке келгендер бар, кеткендер бар. Тилекке каршы элинин сүйүүсүнө ээ болгондор эмнегедир сейрек. Биз билгенден эгемендүүлүк жылдары 40 райондун акимдигине жалаң жигиттер дайындалды. Сөздүн ачыгы, жакшы акимдер шапкедей эле алмашып, ал эми “Мыкты жетекчи эле” деп элге жасаган иштери менен оозго алынгандар аз.

Райондордун айыл аймактарында, дээрлик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында, социалдык курч көйгөйлөрдүн чордону медицина, билим берүү тармагы баш болгон бардык жагдайда, өнөр жай ишкана жана мекемелеринде, айыл чарбасында жана башка бүткүл тармактардагы кемчиликтерди четтетип, ийгиликтерге жетүү жемиштүү эмгектин гана үзүрү. Демек, “Дайындалгандар көп болгону менен оозго алынган тандалгандары кана, кайда?” деген суроолор туулбай койбойт.

Эр жигиттер сыналчу акимдик кызматка кыздардан биринчилерден Эркайым Алымовна келип олтурат. Убакыт учкан куш демекчи ар бир ирмем кымбат. Кылымдар күнү бүгүнкүдөй даңазаланып келаткан кыргыздын кыраан кыздарындай, Эркайым да элдин эсинде кадыр-баркы менен бааланса деген ниеттебиз.

— Эркайым Алымовна, эл-журт менен жуурулушуу, таанышуу кандай деңгээлде өтүүдө? Талаш-тартыштар элдик жыйындарда курчуп, «сүрсүгөн» маселелердин көптүгүнөн кандай таасирлерге кабылдыңыз? Калктын суроо жана талаптары менен эсептешүү чынында оор, куру убадалар менен кутулуу мүмкүн эмес. «Эр жигиттер жасай албаган иштерди кыздар кайдан жасасын?!» дегендер да четтен чыгат эмеспи.

— Эки жума убактым эл менен жолугушууга арналды. Жыйындарга жыйылган эл мол болду. Сиз айткандай «Эр жигиттер кылбаган иштерди айым акимибиз кантип жылдырат?!» дешип сын көз менен карагандар да жок эмес эле. Албетте, эл сынынан өтүп жатканымды туюп жаттым. Менин таң калганым, Ысык-Ата району борборубуз Бишкек шаарына жакын жайгашканы менен, атаганат, жыйылган курч көйгөйлөрү өтө көп экен. Тогуз айыл аймагынын жашоочуларынын эң башкы көйгөйлөрү ичүүчү таза суу маселеси белем. Узун-Кыр, Жайылма айылдары баш болгон айыл элинин суу боюнча армандарын айтып болбойт. Чынын айтсам мындай болот деп эсиме келген эмес. Ток этери, элдин суроосун канааттандыруу максатында изденип жатабыз. АРИС менен биргеликте 4 айылга таза суу чыгаруу долбоорунун үстүндө иштер башталды. Албетте, айтканга оңой болгону менен аткаруу кыйын. Жакын арада мына ушул айылдардын таза сууга болгон муктаждыгын чечип алсак, элдин үмүтү актала баштайт.

Айыл аймактардагы дээрлик бардык айылдарда маданият маселеси өтө төмөн деңгээлге жетиптир. Эс алуу парктары, спорттук курулуштар, музей жана башка жан дүйнөгө жарык чачар маданият жайлары унутта калган. Бош убактарында жаштар барып эс алар жайлар көздөн учат. Демек, азыркы жаштар мындай, андай деп терс жактарына наалыбастан оболу аларга жагымдуу шарт, жагдайларын жакшыртуу зарыл. Элдик жыйындарда мына ушул маселелер да козголду.

Бардык айыл аймактарынын өкмөт башчыларын баш, калган мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерин төш кылып колдоого чакырдым. Айтайын дегеним, районубузда мыкты өнөр-жай ишканалары бар. Алар айыл жаштарына колдон келишинче дем берүү менен моралдык жана материалдык жактан колдоолорду көрсөтүшсө, биргеликте спорттук комплекстерди курууга кубатыбыз жетмекчи. “Ал айыл өкмөтүнүн иши, бул менин ишим эмес” деген четтөө жакшылыкка алып келбейт. Биримдик менен ынтымак бар жерде ийгиликтер илгерилейт.

— Эгер чыгынсак, изденсек арийне таза суу да ар бир айылга жетет. Таза суу маселесин чечип да жатабыз. Аттиң, ал эми жабыркаган жан дүйнө көйгөйүн канткенде чечебиз? Мектептерде рэкетчилик, бейбаштык күчөп, төбө чачты тик тургузган трагедиялар орун алууда. Бирине бири кол салып, аягы өлүм менен бүтүүдө. Мындай жат жоруктардын алдын алуу боюнча сиздер алгылыктуу иштерди илгерилетип жатыпсыздар. Кулак сизде…

— Балдардын жан дүйнөсүн аныктоо жөнөкөй маселелерден эмес. Кечээги кездеги миграция көйгөйүнүн тереңдигинен балдардын айрымдары ата-энелеринен алыстап, аргасыздан жакындарынын колунда калып келишти. Ата-эне мээримине сөз жетпес. Ар кандай татаал шарттар балдарга тескери таасирин тийгизип, өз жанын өздөрү кыйып жатат. Жана башка жат жоруктар жаштар арасында бар. Кантсе да алардан арылуу үчүн аракеттерди жасоого тийишпиз.

Район боюнча 49 мектеп бар. БГУ менен кызматташып, психология боюнча 17 мугалимди чакырып, ар бир мектеп менен 1 жумадан иштештик. Кадимкидей балдар арасындагы орун алган айрым жабык жагдайлар ачыкка чыкты. Терең анализдер кайтарымын берүүдө. БГУ менен кызматташтык мындан ары да уланат. Жан дүйнө кризисинен чыгуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоого тийишпиз. Ата-энелер менен мектептин байланышы чыңдалууда. Балдар жан дүйнөлөрү бүлүнбөй сүйүүлөргө толуп турса албетте, жакшы жыйынтыктар чыгат, чыга да баштады

— Учурда жазгы талаачылык иштердин кызып турган учуру. Таза суу адам баласына кандай керек болсо, сугат суу айдалган дан эгиндери баш болгон бардык өсүмдүктөргө ошондой керек. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып алсак, ый эмес ыр болот.

— Айтканыңызда калет жок. Район боюнча 42941 сугат жер бар. Күн сайын таң эрте сугат иштери боюнча маалыматтарды алып, кечиктирилгис милдеттер эстен чыкпайт. “Жаздын бир күнү жылга тете” демекчи, убагында сугат иштерин сыдыргыга салгандай уюштура албасак мол түшүм болбойт. Андыктан биринчи кезекте сугат иштерин теске салышыбыз кажет. “Күн сайын канча куб суу көлөмү кайда кетип жатат?” деген суроолор жоопсуз калбайт. Суу чарба башкармалыктары, айыл аймактары даярдыктарды алдын ала көрүшкөндүктөн, орчундуу көйгөйлөр жокко эсе. Мамлекеттик деңгээлде каржылык колдоолор жараша баштагандыктан, жетишпестиктер кадимкидей четтеди. Кечээ жакында эле Жээк айыл аймагына суу топтоочу бассейн (БДР) ачтык.

Район өнөр жай ишканалары, тартылган инвестициялары эле эмес, агрардык артыкчылыктары менен алдыда. Башынан калыптанып калган алгылыктуу иштерди аягына чыгаруу, биздин бирден-бир милдеттерибиз. Таман акы, маңдай тер эч качан текке кетпейт.

Алдыда албан максаттарыбыз арбын. Пилоттук район болгондугубуздан бизге сын көп. Көздөгөн бардык иштерди аткарууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшай беребиз. Эл ишенип жаткан соң, элдик иштердин саатын чыгарууга милдеттүүбүз. Мисалы, Сын-Таш айыл аймагында 4-5 чакан ГЭС курулуп жатат. Элдин электр энергиясына болгон муктаждыктары чечиле баштайт. Мындай жасала турган албан иштер тууралуу айта берсек сөз узак. “Мезгил ар нерсени ордуна коёт” демекчи, баарын убакыт көрсөтөт.

— Эркайым Алымовна, бүгүн 27-майда жарык дүйнөгө келипсиз. Жаштык жалын курактасыз. Сизге албан ийгиликтерди каалайбыз. “Айланайын аким кызыбыз үмүтүбүздү актады. Кыраан кыздардын катарын толуктады. Биз ыраазыбыз! деген алкоолор сизди ар дайым коштоп жүрсүн. Туулган күнүңүз кут болсун!

Айчүрөк Макешова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X