Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

7-май, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 22

2021-жылдын 12-апрель күнү Ысык-Ата РИИБнө 1967-жылы туулган С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын март айында чала тааныш киши анын ишенимине кирип, 38 тонна 200 килограмм кумшекрин алып, 2 500 000 сомдан ашык акча берүүнү убада кылып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында дагы ушул сыяктуу арыз менен 1987-жылы туулган У.М. аттуу жаран кайрылып, ал 600 000 сом материал зыян тартканын билдирген. Бул окуя да кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип, 1993-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тегөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

7-май, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X