Ысык-Ата районунда суудан 55 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63

Ысык-Ата районунда суудан славян тектүү эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 4-апрель күнү 102 кызматына, Кант шаарынын Ломоносов көчөсүндөгү сууда 55 жаштагы В.Ю. аттуу славян тектүү эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМ кызматынан жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X