Ысык-Атада Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 21 жаштагы жаранды издөө уланууда

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 108

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгүн издөө иштери уланууда.

Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, окуя 19-июлда Ивановка айылындагы Фурманов көчөсүндө жайгашкан каналда болгон. Маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө ошол эле күнү түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 2004-жылы туулган жаран достору менен сууга түшүүгө барып, сууга секиргенден кийин кайра чыккан эмес.

Учурда окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар издөө иштерин жүргүзүп жатат.

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X