Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирсте жуунуучу зонасы жок буу бөлмөлөрүн, бар текчелерин жана саркынды сууну тазалаган системасы менен коомдук ажатканаларды курса болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн жээктеринде объектилерди куруу боюнча буйрукка кол койду.
Документке ылайык, өзгөчө учурларда суу четинен 100 метрлик жерге объектилерди курууга болот. Бирок алар капиталдык курулуш болбошу керек.
Аталган сунушту буга чейин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги киргизген.