Ысык-Көлдө эки турист жоголду
Ысык-Көл облусунда «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясы аркылуу тоонун чокусуна чыккан эки альпинист эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кабарлады.
Бул окуя кечээ, 8-август күнү катталып, 16:30 чамасында маалымат келип түшкөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Маалыматка ылайык, туристтик фирма аркылуу тоого чыккан ирандык 2 альпинист чокудан кулап кеткени тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 112 кызматына маалымат келип түшкөн. Билдирүүгө ылайык, окуя катталган мезгилде ирандык тик учак менен издөө аракеттери көрүлүп, табууга мүмкүнчүлүк болбоптур. Ушундан улам ӨКМ тарабынан издөө иштери токтотулду. Азырынча кайсы чокудан кулаганы белгисиз.
Жоголгондордун арасындагы ирандык альпинист Мехри Жафари социалдык тармактагы баракчасында Лондондон Бишкек шаарына учуп келгенин, андан кийин Жеңиш чокусунун этегиндеги базалык лагерге келгенин жазган (7439 метр). Эки күн бою ал Каркыра өрөөнүндө болгон. Ал Хан-Теңиринин каршысында жайгашкан Жеңиш чокусун «ак илбирс» беш чокусунун эң татаалы деп эсеперин жазган. 2008-жылы Джафари Хан-Теңири чокусуна чыгып, ирандык альпинисттердин арасында биринчи болгон.Мехри — иран улутундагы британиялык жаран. Лондон шаарында жашайт.
Туугандары дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштери үчүн акча чогултуу өнөктүгүн башташты.
9-август, 2021-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Кырсык
/
#Ысык-Көлдө эки турист жоголду