Ысык-Көлдө желимден жасалган буюмдарды колдонууга тыюу салынды

10-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексиндеги өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Кодекске кирген өзгөртүүгө ылайык, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарында, парктык зоналарында жана жээгинде полимер пленкасынан жасалган баштыктарды, желимден жасалган буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды.

Желим баштыктарды жана буюмдарды колдонуу жана сатуу боюнча тыюуну бузгандарга эскертүү берилет.

Эгерде бир жыл ичинде бул эреже кайрадан бузулса, төмөнкүдөй айып салынышы мүмкүн:

Жеке жактар үчүн — 3 000 сом (30 эсептик көрсөткүч);

Юридикалык жактар үчүн — 10 000 сом (100 эсептик көрсөткүч).

Бул чаралар Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы Жарлыгына ылайык киргизилген.

10-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X