Ысык-Көл облусунда кадрдык өзгөрүүлөр болду (видео)
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Абдырахман уулу Кутманалы мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Муну менен катар, Арпачиев Данияр Карагулович Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматта 2024-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Иманалиева Айдана Керимбековна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары, Султанбаева Айнура Жолдошбековна Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2022-жылдын 22-майында дайындалган.
Белгилеп кетсек, Абдырахман уулу Кутманалы буга чейин Ош шаарынын мэринин орун басары болуп иштеп, Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык ишкананы жетектеген. Ошондой эле 2024-жылдын ноябрь айында Ош шаардык кеңешине “Мурас” саясий партиясынан депутат болуп шайланган.
Ал эми Иманалиева Айдана Керимбековна 2025-жылдын 3-июлунан тарта Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген. 2024–2025-жылдары Панфилов районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын 28-декабрынан 2024-жылдын 28-майына чейин Президенттин администрациясынын чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенген.