Ысык-Көл облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Канат Насипов дайындалды

Ысык-Көл облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Канат Насипов дайындалды.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, мурунку прокурор Сыймык Жапыкеев 28-апрелде кызматынан кетүү боюнча арызын жазып, кызматын тапшырган. К.Насипов буга чейин облустун прокурорунун орун басары кызматын ээлеп турган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X