Ысык-Көл: Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды
Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун базасында салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды.
Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөгөн долбоор Кыргызстан менен Корея өлкөсүнүн кызматташтыгынын аркасында, ЮНЕСКОнун алдындагы ICHCAP уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.
Жаңы борбордо мастер-класстар, көргөзмөлөр жана окутуу программалары өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, долбоордун алкагында борбордогу музей жаңыланып, инфраструктурасы жакшыртылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.