Ысык-Көлдө УКМКнын кызматкерлерине кызматтык батирлер тапшырылды
Ысык-Көл облусунун Чолпон -Ата шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн салынып жаткан төрт батирлүү үйдүн курулүшүаяктап бүгүн, 4-ноябрда, пайдаланууга берилди.
Ачкычтарды тапшыруу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Мирбек Кожоев, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жана ардагерлери, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын Жети-Өгүз районундагы кызматкерлерине дагы төрт батирлүү кызматтык үй тапшырылган болчу.


