Ысык-Көлдө жаңы жолдор курулуп, айрымдары оңдоп-түзөөдөн өтөт
Ысык-Көл облусунда бир катар унаа жолдорунун курулуш жана реконструкция иштерин ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Сапардын алкагында МинКаб төрагасы Каракол–Эңилчек автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 105 чакырымды түзөт жана курулуш иштери 2025-жылдын декабрында башталган. Аны 2026-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, узундугу 60,5 чакырым болгон Каракол–Токтогул–Жыргалан автомобиль жолунун курулуш долбоору менен да таанышылды.
Ошондой эле узундугу 75 чакырымды түзгөн Балыкчы–Барскоон–Каракол автомобиль жолу жана 16,9 чакырымдык Жети-Өгүз–Койсары автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталды.