Кыргызстанда алгачкы жолу өтө турган UIM F1H2O «Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026» эл аралык мелдешине даярдык кызуу жүрүүдө.
Бүгүн, 30-июлда Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов журналисттерге дүйнөлүк деңгээлдеги жарышка көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Анда мелдешти уюштуруунун негизги багыттары — экологиялык коопсуздук, спорттук инфраструктураны даярдоо, көрүүчүлөр жана катышуучулар үчүн шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Уюштуруучулардын айтымында, учурда мелдешти коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык зарыл чаралар этап-этабы менен ишке ашырылып жатат.