Ысык-Көл эл аралык форуму
Кыргызстанга эки күндөн бери, 16-17-июнда дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнүн окумуштуулары, маданият жана искусство ишмерлери чогулууда. Аларды мындан 40 жыл мурда гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген форум бириктирүүдө.
Юбилейлик форум 18-июнда Ысык-Көлдө башталды. Бул иш-чара Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен өтүүдө. Форум адамзаттын келечегине байланышкан глобалдык чакырыктар, эл аралык диалогду тереңдетүү, интеллектуалдык кызматташтыкты чыңдоо жана башка маселелерге арналат.
Форумдун тарыхы
Аталган форум Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы түзүлгөн. Ысык-Көл шеринесинин катышуучуларынан алгачкы жыйыны Кыргызстанда (Ала-Арча, Чолпон-Атада) өткөн. Андан кийинки жыйындары жылына бир жолу, шеринеге катышуучулар тиешелүү болгон өлкөлөрдө, кезеги менен өткөрүлүп келген.
Жазуучу жана актер Питер Устинов (Улуу Британия), футуролог – окумуштуулар Олвин жана Хейди Тоффлер (АКШ), сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия), Рим клубунун төрагасы А. Кинг, жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Клод Симон (Франция), анын калемдештери Артур Миллер менен Жеймс Боддуин – экөө тең АКШдан, Лисандро Отеро (Куба), Яшар Кемал (Түркия), ЮНЕСКОнун Генералдык секретары Федерико Майор (Испания), физик Аугусто Форти (Италия) ж.б форумга келишкен.
XXI кылымды – «Планетанын кылымы», «чыгармачылыктын кылымы» деп жарыялашкан
Бул эл аралык иш-чара жаңы идеяларды пайда кылган «акылдын чабуулу» сыяктуу жолугушуу болгон. Жолугушуунун урааны өсүп-өнүгүү, жаңы демилгелер, адамзатты тынчтык, гумандуулукка, бейкут жашоого үндөөгө багытталган.
Алгачкы форумда конокторду Айтматов аэропорттон кыргыз элинин салтына ылайык туз-нан, анан өз үйүндө «швед столу» менен тосуп алган. Эртеси Ала-Арчада жыйын өткөн. Андан кийин форумдун катышуучулары Ысык-Көл боюнда ошол доордун эң көйгөйлүү маселелерин көтөргөн. Алгач Чыңгыз Айтматов «шерине» деген сөздүн маанисин түшүндүрүп, «мен шерине берип жатам» деп айткан.
Ак калпак кийгизилген
Форумга келген конокторду Кыргыз
ССРинин жетекчилери, жазуучулар, искусство ишмерлери, жалпы коомчулук тосуп алган. Келген коноктордун баарынын башына ак калпак кийгизилген. Алардын ак калпакчан сүрөттөрү советтик жана чет өлкөлүк басылмаларга чыккан.
Форумдан кийин
1986-жылы алгач ирээт өткөн форум тууралуу чейрек кылымдан соң кезинде испан окумуштуусу, дипломат, ЮНЕСКОнун мурдагы башкы директору, Айтматов менен эзелтен берки достук байланышы бар Федерико Майор: «Ага чейин «Кылым карытар бир күн» романы чыгып, баарыбыз ага жогору баа бергенбиз. Анан «Ысык-Көлгө келгиле» деген чакыруу алганда америкалык жазуучу Артур Миллер: «Бул Айтматов абдан кызыктуу, оригиналдуу адам экен» деп мага айтканы эсимде. Мен анда: «Ооба, мен аны анча жакшы тааный элекмин, бирок алысты көрөгөчтүк менен ойлой билген, келечекке кайдыгер карабаган адам» деп жооп бергем», — деген.
Горбачев менен жолугушуу
Ысык-Көлдөгү дебаттардан кийин форумдун катышуучуларын ошол учурдагы улуу держава СССРдин башчысы Москвада Михаил Горбачев кабыл алган. Кремлдеги кабыл алууда адегенде Михаил Горбачев алгач сөз сүйлөп, андан кийин форум тууралуу анын президенти Чыңгыз Төрөкулович 20 мүнөттөй эркин баяндап берген. Жолугушуу үч саатка созулган.
2028-жыл — Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды
Улуу гуманист Айтматов чыйыр салып кеткен идея, тарыхый иш-чара 40 жылдан соң кайрадан өз мекенинде өтүүдө. Ал эми 2028-жылы улуу жазуучунун 100 жылдыгы белгиленет. Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата 2028-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, 2028-жылы улуттук жана эл аралык деңгээлде ар түрдүү маданий, илимий жана адабий иш-чаралар өткөрүлөт. Мында улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын даңазалоого, ошондой эле жаш муундарга анын гуманисттик идеяларын кеңири жайылтууга багытталат.
Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы