Ысык-Көл электр тармактары кышка даяр
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын атайын комиссиясы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
2026-жылдын башынан бери облус боюнча 56 көмөк чордондо 4704 электр жабдуусу техникалык тейлөөдөн, 44 көмөк чордондо 403 жабдуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле 35-220 кВ аба чубалгыларындагы 1173 чакырым тармак тейленип, 99,1 чакырым электр зымы капиталдык оңдолду. 1847 эски фарфор изолятор жаңы айнек изоляторлорго алмаштырылды.
6-10/0,4 кВ тармактарында да оңдоо жана тейлөө иштери жүргүзүлдү.
Комиссия даярдык иштерине оң баа берип, аныкталган кемчиликтерди кышка чейин жоюуну тапшырды. Учурда Ысык-Көл электр тармактары 134 991 абонентти тейлейт.