Ысык-Көл форумунда кыргыз элинин маданий мурастары таанытылды
20-июнда өткөн «Ысык-Көл форуму – 40» эл аралык форумунун алкагында чет өлкөлөрдөн келген конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана руханий баалуулуктары тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз элинин үрп-адаттары, улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүк буюмдары жана көчмөн маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле улуттук музыкалык жана фольклордук чыгармалар көрсөтүлүп, кыргыз маданиятынын көркөм мурастары кеңири чагылдырылды.
Форумга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышып, кыргыз элинин маданий байлыктарына кызыгуусун билдиришти. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар улуттук маданиятты эл аралык деңгээлде жайылтууга жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.



